Жаңылыктар
06.11.2024 09:26
Кароолор: 429
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ИЗДӨӨГӨ 44 АДАМ ЧЫКТЫ
Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн, 6-ноябрда жалпы 44 адам тартылды.
ӨКМдин Нарын шаардык №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 22 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 7 адам болуп, жалпы 44 адам тартылды.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР