Жаңылыктар

06.11.2024 18:35

   Кароолор: 350

НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ ИЗДӨӨ УЛАНАТ

Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 7-ноябрда улантылат.

Ага ӨКМдин Нарын шаардык №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 22 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 7 адам болуп, жалпы 44 адам тартылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу