Жаңылыктар
08.11.2024 08:49
Кароолор: 286
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН ӨСПҮРҮМ КЫЗДЫ 58 АДАМ ИЗДЕП ЖАТАТ
Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иштерине бүгүн, 8-ноябрда ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨК бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨК бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 20 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 21, жалпы 58 адам тартылды.
Шаардык ӨКБ Куланактан баштап Учкун, Пионер, 8-Март айылдарына чейин Нарын дарыясын жээктеп, издөө иштерин жүргүзсө, Ак-Талаа №47 ӨКБ Ак-Тал-Чаттан баштап Үгүткө карай издеп жатышат.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР