Жаңылыктар
11.11.2024 10:57
Кароолор: 175
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН КЫЗДЫ ИЗДӨӨ УЛАНУУДА
Нарын шаарында көпүрөдөн дарыяга секирип кеткен өспүрүм кызды издөөгө бүгүн ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, жалпы 11 адам чыкты. 2 дрон, 4 дүрбү тартылды.
Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу 2-ноябрда маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР