Жаңылыктар
09.11.2024 20:17
Кароолор: 485
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу токтотулду. Эртең, 10-ноябрда уланат.
Бүгүн издөө ишине Нарын шаардык ӨКБдан 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 3 адам, жалпы 23 адам издөөгө чыккан.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР