Жаңылыктар
08.11.2024 19:59
Кароолор: 123
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН КЫЗДЫ ИЗДӨӨ ЭРТЕҢ УЛАНАТ
Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу токтотулду. Эртең, 9-ноябрда уланат.
Бүгүн издөө ишине Нарын шаардык ӨКБдан 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 7 куткаруучу, 20 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 21, жалпы 58 адам тартылды.
Нарын шаардык ӨКБ Куланактан баштап Учкун, Пионер, 8-Март айылдарына чейин Нарын дарыясын жээктеп, издөө иштерин жүргүзсө, Ак-Талаа №47 ӨКБ Ак-Тал-Чаттан баштап Үгүткө карай издешти. 3 дүрбү, 2 унаа тартылды.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР