Жаңылыктар

14.11.2024 10:25

   Кароолор: 248

НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН КЫЗДЫ ИЗДӨӨ 13 КҮНДӨН БЕРИ УЛАНУУДА

Нарын шаарында көпүрөдөн боюн таштаган кызды издөө иштерине бүгүн, 14-ноябрь күнү ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 29 адам жана 6 дүрбү, 2 авариялык куткаруу унаасы тартылды.

Алар Жылан-Арык айылынан баштап Актал-Чатты көздөй жана 8-Март айылынан Нарын шаары тарапка суу жээктеп издөө иштерин жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 2-ноябрында Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери изделүүдөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу