Жаңылыктар
15.08.2025 11:07
Кароолор: 163
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН АЙДООЧУНУ ИЗДӨӨГӨ 198 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 15-август күнү жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеген 47 куткаруучу 4 дрону менен, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан ыкчам топ 1 дрону менен, Ак-Талаа райондук №47 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 36 адам, ИИМден 43 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 64 болуп, жалпы 198 адам издеп жатат.
Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшүп, унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР