Жаңылыктар

12.05.2024 12:54

   Кароолор: 180

НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН 4 ЖАШТАГЫ КЫЗ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Нарын облусунун Нарын шаарында алдын ала маалымат боюнча Интернат аймагында Г.Э. аттуу аял киши эс алып жүрүп, 4 жаштагы кызын Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алгандыгын айтып, кайрылган.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Нарын шаардык башкармалыгынан жана №16 ӨКБдан жалпы 30 куткаруучу 2 дрон менен тартылган.

Мындан сырткары ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө ишине чыгышты.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу