Жаңылыктар
09.11.2024 08:29
Кароолор: 256
НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН 17 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ 38 АДАМ ИЗДӨӨДӨ
Бүгүн, 9-ноябрь күнү Нарын дарыясына секирип кеткен өспүрүм кызды издөө иштерин координациялоо үчүн ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, издөө иштерин жүргүзүү үчүн Нарын ШИИБнен 15 кызматкер, Нарын шаарынын жергиликтүү тургундарынан 3 адам, Ак-Талаа РИИБнен 5 кызматкер, жалпы 38 адам тартылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 2-ноябрь күнү Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө иштери тынымсыз уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР