Жаңылыктар

22.05.2024 09:47

   Кароолор: 459

НАРЫН ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН ЭКИ КЫЗ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Бүгүн, 22-майда Нарын дарыясына түшүп кеткен 2 жана 4 жашар кыздарды издөө уланууда.

Ага ӨКМдин Нарын шаардык №16 Өрт куткаруу бөлүгүнөн (ӨКБ) 11 куткаруучу чыкты. Ал эми ИИМден 10 кызматкер тартылды.

Эске салксак 12-май күнү, саат 11:00 чамасында Нарын облусунун Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 2019-жылы туулган Ж.Р. аттуу кыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ошондой эле 14-май күнү, саат 12:10 чамасында Нарын шаарынын Запин тилкесинде Нарын дарыясына 2020-жылы туулган А. И. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Издөөнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу