Жаңылыктар

15.08.2025 17:21

   Кароолор: 58

НАРЫН ДАРЫЯСЫНА КӨПҮРӨ СЫНЫП КУЛАГАН АЙДООЧУНУН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бүгүн, 15-август күнү жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына көпүрө сынып, түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан айдоочунун сөөгү дарыянын жээгинен табылып, куткаруучулар КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берди.

Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КАМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшүп, унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө улантылып келген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу