Жаңылыктар

02.11.2023 14:22

   Кароолор: 1083

НАРЫН: АТ-БАШЫДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО ЭСКЕРТИЛҮҮДӨ

Кыш мезгили жакындаган сайын үйлөрдө, мекемелерде өрт чыгып, материалдык чыгымдарга тушуккандар жана жабыркагандар көп кездешет. Анын себеби, жашоочулар өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан, тилсиз жоого кабылышат.

Мындай кырсыктардын алдын алууну, адам өмүрүн биринчи орунга коюуну ӨКМдин өздүк курамына министр, генерал-майор Бообек Ажикеев ар дайым эскертип келет.

Андыктан министрликтин башчысынын тапшырмасы менен өлкө аймагында өрт кырсыгынын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Алардын бири ӨКМдин Нарын башкармалыгына караштуу Ат- Башы району боюнча ӨКБнүн өздүк курамы тарабынан 2-ноябрда район аймагында турак үйлөрдө эрежелерди сактоо эскертилди.

Кышкы өрт кооптуулугу жогору болгон мезгилде өрт кырсыктарын алдын алуу, адам өлүмүн болтурбоо максатында калкка тынымсыз түшүндүү иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу