Жаңылыктар

27.09.2023 12:06

   Кароолор: 577

Нарын: Ат-Башыда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү өткөрүлдү

Өткөн жумада “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн” алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм-турумун, өзүн алып жүрүү, эвакуация планын түзүү, ошондой эле табигый жана техногендик кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында атайын машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууда Жарандык коргонуу планына ылайык, райондогу ЖК тутумунун даярдыгы каралды. Анын алкагында техникаларды күжүрмөн даярдыкка келтирип, ар бир тармактын тиешелүү функционалдык милдеттери бааланды.

Табигый кырсыктар катталган учурда медициналык жардам көрсөтүү, мал-жандыктардын ооруларын аныктоо жана башка иштерди уюштуруу пландары иштелип чыкты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу