Жаңылыктар
24.09.2024 10:50
Кароолор: 1109
НАРЫН: АТ-БАШЫДА “КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ КҮНҮ” БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ
ӨКМдин Нарын облусунун Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары кечээ, 23-сентябрда район аймагындагы мектептерде мугалимдерге, окуучуларга жана жумушчуларга табигый жана техногендик кырсыктар катталган учурда өзүн-өзүн алып жүрүү боюнча коопсуздук эрежелери тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ал эми имараттарда өрт кырсыктарынын алдын алуу, үй-тиричилик электр буюмдарын туура колдонуу, тилсиз жоонун чыгып кетүүсүнө себеп болчу дагы башка факторлор жөнүндө түшүндүрмө берилди.
Мындай иш-чаралар ар жылы өткөрүлүүчү “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата тилсиз жоонун алдын алуу максатында 3-октябрга чейин улантылмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР