Жаңылыктар

10.05.2024 18:45

   Кароолор: 472

НАРЫН: АТ-БАШЫДА КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛЫП, ҮЙЛӨРДҮН ЧАТЫРЛАРЫН УЧУРДУ

Нарындын Ат-Башы районунда катуу шамал болду. Алдын ала маалыматта район аймагында түштүк- батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында соккон шамалдын ылдамдыгы 18 метр секундага чейин жеткен.

Кайрылуулар түшкөн аймактарда, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери Жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Табият кубулушунан Ат-Башы айылындагы райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын, 2 кабаттуу үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектепти жылытуучу отканасынын, Дыйкан айылында 2 үйдүн, Калинин айылындагы мектептеги спорт залдын, Май-Булак тилкесинде 1 мечиттин жана 3 турак жайдын чатырларын учурган.

Шамалдан 4 адам жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми саат 21:10го карата 36 үйдүн, 6 социалдык мекеменин чатырлары кыйраган. Нарын шаарында 1 үйдүн чатырын шамал учурганы аныкталган. Кеч киргенине байланыштуу тактоо иштери убактылуу токтотулду. 11-май күнү кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу