Жаңылыктар

25.08.2023 10:31

   Кароолор: 1205

Нарын: Ак-Талаанын куткаруучулары өрт-такткалык машыгуу өткөрүштү

Кечээ, 24-августта Нарын облусунун Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 9 куткаруучусу аталган райондун токой чарбасынын токойчулары менен өрт-тактикалык машыгуусун өткөрүштү.

Машыгуунун алкагында Ак-Талаа районунун токойлорунда, талаасында, тоосунда дегеле, жаратылыш койнунда өрт кырсыктарынын алдын алуу, коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин талкуулашты.

Анүстүнө, күз келип, жаратылышта чөп кургап, оруп-жыюу башталганы Ак-Талаанын ар бир тургуну өрт коопсуздугун сактоосу өтө зарыл. Анткени адам фактору таасир этип пайда болгон учкун ири өрттүн чыгуусуна түрткү берери толук мүмкүн.

Андыктан куткаруучулар машыгууда өрт өчүрүүчү каражаттарды иштетүүнү, колдонууну үйрөтүштү. Мындан сырткары тоолордо, токойлордо чыккан өрттү өчүрүү ыкмалары тууралуу кеңири маалымат беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу