Жаңылыктар

11.11.2024 18:01

   Кароолор: 357

НАРЫН: АК-КЫЯДАН ЖАН-БУЛАККА ЧЕЙИНКИ ТИЛКЕДЕ ИЗДӨӨ ЖҮРДҮ

Нарын шаарында көпүрөдөн дарыяга секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 12-ноябрда улантылат.

Издөөгө ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, жалпы 11 адам чыкты. Алар Нарын дарыясын бойлой Ак-Кыя тилкесинен Жан-Булак айылына чейин суу жээгин кароо иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу 2-ноябрда маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу