Жаңылыктар
22.09.2023 16:20
Кароолор: 358
Нарын: 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында, Нарын районундагы 8-Март айылында Мурат Осмонов атындагы орто мектебине “АЙГАЙ” көтөрүлүп, машыгуу өттү. Машыгууда мектептин кызматкерлери менен окуучуларына кырсык учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарын колдоноо билүү ошондой эле биринчи жардам көргөзүү үйрөтүлдү.
Мындан сырткары Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы мектептер арасында “Жаш куткаруучу” аталышында мелдеш уюштурулду.
Жобого ылайык мелдеш төрт багытта өткөрүлүп, жогорку даярдыгын көрсөткөн женүүчүлөр аныкталды.
Жыйынтыгында Нарын шаары боюнча А.Буйлашов атындагы №8 орто мектеп алдыга оозуп чыкса, ал эми Нарын району боюнча 8-март айылынын М.Осмонов атындагы орто мектеби облустук “Жаш куткаруучу” мелдешине катышууга жолдомо алышты.
Жогорудагы иш чаралар ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР