Жаңылыктар
29.10.2024 18:49
Кароолор: 545
НАРЫН: 14 ТОПТОН ТУРГАН КУТКАРУУЧУЛАР ИЗДӨӨ ИШТЕРИН УЛАНТУУДА
Бүгүн Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында дайынсыз болуп жаткан эки жергиликтүү тургунду издөө иштерине тартылган өздүк курам 14 топко бөлүндү.
Саат 13:00гө карата Өрнөк айылынан баштап, Көкө-Мерен суусун бойлой Нарын дарыясына кошулган жерге чейин 50 чакырым жерде издөө иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, издөө иштерине жалпы 94 адам, 6 дрон тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР