Жаңылыктар
23.07.2024 09:15
Кароолор: 518
МЫРЗАКЕ-КАРА-КУЛЖА-АЛАЙКУ ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ
Бүгүн, саат 06:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 19-чакырымында сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылган.
Жерине №26 жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылып унаа жолу саат 08:15те бир тараптуу ачылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР