Жаңылыктар
14.12.2023 12:20
Кароолор: 975
МЫРЗА-АКЕ– КАРА-КУЛЖА–АЛАЙКУУ УНАА ЖОЛУНА КАР КӨЧКҮ ТҮШҮШҮ КҮТҮЛӨТ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-декабрынан 15-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа -Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Алыскы сапарга жол тартсаңыз дөңгөлөк чынжырчасын, тамак-аш, ысык суу жана дары-дармек топтомун алууну унутпаңыз.
Кандайдыр бир кырсыктын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР