Жаңылыктар
12.04.2024 11:47
Кароолор: 338
МУЗЫКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕБИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Бөкөнбаев айылындагы Б.Калпаков атындагы музыкалык билим берүү мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууда өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, анда өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик билимин жана тажрыйбаларын жогорулатуу менен бирге мектептин мугалимдери менен окуучуларына өрт коопсуздук эрежелерин кеңири түшүндүрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР