Жаңылыктар
02.03.2024 16:59
Кароолор: 384
МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИ
МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
Көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз!
Кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн.
Калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт. Ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт.
12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.
Эске алыңыз! Муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.