Жаңылыктар

15.01.2024 09:44

   Кароолор: 937

МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!

Көлмөнүн үстүнө тоңгон муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин так сактаңыз.

Алар:

- Көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз;

- кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;

- Калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт;

- Ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;

- 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.

Эске алыңыз! Муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу