Жаңылыктар

13.01.2025 16:44

   Кароолор: 473

МУЗ АЯНТЧАСЫНДА ЭРЕЖЕ САКТАҢЫЗ!

Кыш чилдесинде көңүл ачуу, эс алуу көбүнчө муз аянтчасында өтөрү белгилүү. Мындай аянтчалар Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Эс алуучулар көбүнесе көлмөлөрдө, суу жээктеринде же атайын даярдалган тилкелерде муз тебишет. Эс алуунун кызуусуна киргенде коопсуздук эрежелерин сактабай ар кандай жаракаттарды алышат же унаалары менен эс алуучулар арасына жылгаякка чыгышат. Айрым учурда жука муз да жарылып кетүүсү толук мүмкүн.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №466 токтомунун негизинде кыш чилдеси башталганы куткаруучулар жер-жерлерде суу, муз тилкелериндеги эс алуучуларга адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоону эскертишүүдө.

Бул жолу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы Ара-Көл көлүнө чыгышты. Алар мындагы муздун калыңдыгын жаңырган жылдын 11-январында өлчөгөн. Анын калыңдыгы 50-60 сантиметр болуп, коопсуз муз тебүүгө ыңгайлуулугун көрүшкөн. Ошентсе да эс алуучуларга коньки,чана тебүүдөгү өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерин жана балдарды көзөмөлсүз калтырбоону түшүндүрүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу