Жаңылыктар
05.07.2024 12:00
Кароолор: 431
МУРДАШ СУУСУНАН ИЗДЕЛГЕН БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
ӨКМдин куткаруучулары тарабынан саат 11:05де 2018-ж.т. Н.А. аттуу жаш баланын сөөгү Мурдаш суусунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек 4-июль күнү, кечки саат 21:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусуна "Lada 222140" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада 1 жаш бала менен айдоочусу 1 эркек киши болгон.
Жергиликтүү тургундар айдоочуну куткарып чыгышкан.
Ал эми баланы издөөгө 5-июль күнү ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам жалпы 195 адам тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР