Жаңылыктар

02.03.2024 16:29

   Кароолор: 404

МУРАС-ОРДО КОНУШУНДА 2 БАЛА СУУГА ЧӨГҮП КАЗА ТАПТЫ

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

3 жаш бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

Тилекке каршы калган 2 жаш баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалымат боюнча 2013-жылы туулган А.У. аттуу кыз жана 2015-жылы туулган А.Н. аттуу эркек бала каза болгон.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу