Жаңылыктар
22.11.2023 09:46
Кароолор: 520
МУНАЙ ЗАТТАН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮ МАШЫГУУСУ ӨТТҮ
КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Панфилов райондук ӨКБ адистери Панфилов районундагы “Альфа-Ойл” мунай зат базасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү. Атайы сценарийге ылайык, базадагы чоң цистернадан өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүүгө Панфилов райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Жардамга "Кайыңды-Ойл" мунай зат базасынан бир өрт өчүрүүчү унаасы жана ыктыярчылар жардамга келишти. Алар күйүүчү, майлоочу майдан чыккан жалынды өчүрүүдө көбүк колдонушту.
Соңунда базанын кызматкерлерине, адистерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча нускама өткөрүлүп, өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштырышты.
Мындай өңүттөгү машыгуулар ар квартал сайын өткөрүлүп келет. Башкы максаты — өрт өчүрүүчүлөрдүн тактикалык сабаттуулугун жана тажрыйбаларын жогорулатуу болуп эсептелет.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР