Жаңылыктар
26.12.2023 16:39
Кароолор: 332
МОСКВА РАЙОНДУК ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КЕРЕКТҮҮ ЖАБДУУЛАРДЫ АЛЫП БЕРДИ
Москва району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Москва райондук өнүктүрүү фонду тарабынан атайы долбоорго ылайык, 536 886 сомдук жабдуулар берилди. Алсак, 1 дрон, 5 радиостанция, 5 өрт өчүрүүчү кол жабдыгы, 1 принтер, 2 генератор, 2 мотопомпа, 25 кышкы бүт кийим, 3 дүрбү, 5 балта менен жабдылды.
Бул жабдуулар район аймагында ар кандай табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепетин жоюу, эң башкысы адам өмүрүн, материалдык байлыктарды сактоо жана авариялык-куткаруу жумуштарын аткарууда керектелмекчи.
Иш чара Москва райондук ӨКБнын имаратынын алдында өтүп, ага райондук администрация башчысы, аким Н.Козуев катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР