Жаңылыктар

05.06.2024 15:17

   Кароолор: 244

МОНЧОНУН ОТКАЗАНЫ ЖАРЫЛЫП, КОҢШУ ИМАРАТТАРДЫН АЙНЕКТЕРИ ДА СЫНГАН

Такталган маалыматка ылайык бүгүн Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасында жайгашкан "Байкөл" мончосунун отказаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккан.

Тагыраагы, ага суусу жок от жагылып, жогорку ысыктыкта отказаны жарылган. Жарылуунун толкунунан коңшу жайгашкан айрым имараттардын айнектери да сынган.

Маалымат түшкөн соң саат 14:06да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, тез арада ыкчамдык менен тилсиз жоо 14:56да толук өчүрүлүлүп, ири өрт чыгууга жол берилген эмес.

Ал эми жарылуудан мончодогу жарандар ар кандай жарат алып, “Тез жарадам” кызматы менен ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркагандардын баарынын ден соолугу туруктуу, дарыгерлердин кеңеши менен үйлөрүнө чыгып кетишкен.

(Архивдеги сүрөттөн)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу