Жаңылыктар
24.06.2024 17:34
Кароолор: 232
МИНСК ШААРЫНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КМШ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН XXXVI ОТУРУМУ ӨТТҮ
Үстүбүздөгү жылдын 19-21-июнь күндөрү Беларусь өлкөсүнүн борбору Минск шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин “Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин XXXVI отуруму” болуп өттү.
Кезектеги жыйынга Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министри Кямаледдин Гейдаров, Белоруссиянын ӨК министри Вадим Синявский, Кыргызстандын ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов, Россия Федерациясынын ӨК министри, генерал-лейтенант Александр Куренков ошондой эле Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү жана КМШнын Башкы катчысынын орун басары Нурлан Сейтимов катышты.
Жыйында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У. Шамырканов баяндама жасап, дүйнөдө климаттын өзгөрүүсү жана адамдык фактордон улам келип чыккан кырсыктын чеги жок экендигин баса белгиледи. Ал трансчекаралык чоң масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу кырсыктын кесепеттерин жоюуда биргеликте күч жана каражаттардын потенциалын жогорулатуу зарылчылыгын ортого салды.
Өлкөнүн географиялык шартына жараша мүнөздүү болгон табигый кырсыктардын алдын алуу максатында мониторинг жүргүзүүдөгү гидрометеорологиялык системаны модернизациялоо, калкты кабарлоонун жеткиликтүү түрлөрүн иштеп чыгуу, куткаруучу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жигердүү жүрүп жатканын билдирди.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар боюнча КМШ мамлекеттеринин XXXVI отурумунун алкагында “Улуттук коопсуздук . Беларусь – 2024” коопсуздук индустриясынын эл аралык көргөзмөсү өттү.
Белгилей кетсек, дүйнө коомчулугунун катарында Кыргызстан да “Кырсыктарды азайтуунун Сендай алкактык программасынын” приоритеттүү багыттарын колдоп, КР Министрлер Кабинети калкты жана аймактарды коргоонун улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша 2018-2030-жылдар аралыгына Концепциясын кабыл алган.
Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңеш КМШда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча милдеттерди ишке ашыруучу, тармактык кызматташтыктын органы болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР