Жаңылыктар

21.03.2024 14:18

   Кароолор: 494

МИНКАБ ТӨРАГАСЫ ӨЗГӨН ШААРЫНДАГЫ АЙЛАНМА ЖОЛДУН КУРУЛУШУНА БАРДЫ

МИНКАБ ТӨРАГАСЫ ӨЗГӨН ШААРЫНДАГЫ  АЙЛАНМА ЖОЛДУН КУРУЛУШУНА БАРДЫ

 

Бүгүн, 21-март күнү МинКабдын Төрагасы Акылбек Жапаров, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү 
Өзгөн районунда  жүрүп жаткан айланма жолдун курулушунан кабар алышты.

Белгилей кетсек, Ош — Бишкек унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн, айланма жол куруу зарылдыгы келип чыгып,  бул ишти баштоого Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-декабрында кол койгон.

Долбоорго ылайык, узундугу 14 чакырымды түзгөн айланма жол курулат.  Ошондой эле узундугу 206, 75 жана 12 метрди түзгөн 3 жаңы көпүрө курулат. Долбоордун курулушунун жалпы наркы 29,4 млн долларды түзөт.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кара-Дарыянын оң жээгинен Баш-Дөбө а.а. 2200, ал эми сол жээгинен Кароол а.а 2300м  дамба курулуп жатат.  

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу