Жаңылыктар

17.09.2025 15:03

   Кароолор: 55

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ КУТКАРУУЧУЛАРГА АЛКЫШ ЖАРЫЯЛАДЫ

СЫЙЛЫК - СЫЙМЫК

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ КУТКАРУУЧУЛАРГА АЛКЫШ ЖАРЫЯЛАДЫ

Кечээ, 16-сентябрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларын сыйлоо жана Ички иштер министрлигине автоунааларды тапшыруу салтанатына катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруу кызматынын 35 жылдык мааракесине карата жана жайкы туристтик сезондо куткаруу иштеринде – адам өмүрүн сактап калган 7 кызматкерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан алкыш жарыяланды.

Төрага өлкө аймагында табигый жана техногендик кырдаалдардын кесепеттерин күжүрмөндүк менен жоюп, ар кандай кырдаалга кабылган жарандарды куткарып калган куткаруучуларга ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы ИИМге берилип жаткан унааларга токтолуп, Кыргызстанда чыгарылган автоунаалар менен кызматтарды камсыздоо өлкөнүн экономикалык кубатынын жогорулоосуна токтолду.

Белгилей кетсек, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучуларына, өрт өчүрүүчү-куткаруучусуна, Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун суучулдарына сыйлык ыйгарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу