Жаңылыктар

17.04.2025 13:48

   Кароолор: 683

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ИШ САПАРДЫН АЛКАГЫНДА КООПТУУ АЙМАКТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев 17-апрелде Ысык-Көл облусуна иш сапарында болуп, бир катар объекттер менен таанышты.

Жумушчу сапарынын алкагында Түп районундагы узундугу 120 км келген Түп дарыясынын кооптуу тилкелери менен таанышты. Буга чейин ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери изилдөө учурунда кооптуу 19 тилке аныкталган. Дарыянын деңгээли көтөрүлгөндө жээктери эрозияга кабылып, айыл чарба жана жайыт жерлерине, электр мамычасына кооптуулук жаралган.

Төрагага ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов Түп дарыясынын эң кооптуу тилкелери тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан сырткары министрдин орун басары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мамлекеттен бөлүнгөн каражат калктуу конуштарды, айылды жана жарандарды коргоого багытталгандыгын баса белгилеп, дарыяларды, каналдарды дегеле, суу ресурстарын колдонгон министрлик-ведомстволордун балансына бекитип берүүнү сунуштады.

Долон айылындагы жолугушууда Адылбек Касымалиев Түп дарыясынын жээгиндеги кооптуулугу жогору тилкелерди орчундуулугуна жараша 3 жылга бөлүп, эң кооптууларын тиешелүү кызматтар аркылуу сунуш берүү

тапшырмасын берди.

Мындан соң “Жашыл мурас” улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында аймактарды жашылдандыруу максатында, биргеликте карагай көчөттөрүн отургузушту.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу