Жаңылыктар

14.03.2024 19:19

   Кароолор: 723

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ӨКМдин ИШИН “МЫКТЫ” ДЕП БААЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыгын чыгарды.

Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын аткарылышынын деңгээлин баалоо методикасына ылайык жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жыл ичиндеги аткарган иши “эң жакшы” деп бааланды.

2023-жылга Пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында методология төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

- “эң жакшы” деген баа – 16 мамлекеттик орган татыды (2022-жылы 9 мамлекеттик орган “эң жакшы” баа алган);

- “жакшы” баа менен – 15 (2022-жылы 19 мамлекеттик орган “жакшы” баа алган);

- “канааттандырарлык” деген баа менен – 1 (2022-жылы 3 мамлекеттик орган “канааттандырарлык” деген баа алган);

- “канааттандырарлык эмес” деген баа менен – 1 (2022-жылы 1 мамлекеттик орган “канааттандырарлык эмес” деген баа алган).

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен салыштырганда Пландын аткарылышы 77%дан 79%га чейин жакшырган, ал эми аткарылбай калгандар 23%дан 21%га кыскарган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын аткарылышынын даражасын баалоо методологиясын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу документтерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн жана алардын жоопкерчилик олуттуу күчөтүүгө түрткү болду.

Белгилеп кетсек, Пландын аткарылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, андан кийин методология боюнча министрликтер жана ведомстволор тарабынан баа берүү менен туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Кийинки баалоо 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын июль айында жүргүзүлөт

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу