Жаңылыктар

21.08.2026 17:48

   Кароолор: 398

МИНИСТРИ К.К. ЧЫНЫБАЕВ ИНДИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2026-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри К.К. Чыныбаев Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, тажрыйба алмашуу, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү жаатында кыргыз-индиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Индиянын Ички иштер министрлигине караштуу Улуттук өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (NDMA) ортосунда эксперттерди жана делегацияларды алмашууга, биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин Индиянын тиешелүү мекемелеринде окутууга жана квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого, Кыргызстандын жана Индиянын өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүчү ведомстволорунун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Бул кызматташтык өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга ыкчам, натыйжалуу чара көрүүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталат.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу