Жаңылыктар

20.02.2026 20:34

   Кароолор: 3

МИНИСТРДИН ЖЕТЕКЧИЛИГИНДЕ КУТКАРУУЧУЛАР АБАДАН ТҮШҮП КУТКАРУУ БОЮНЧА МАШЫГУУДА

Президент – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун 2026-жылга бекитилген жаңы окутуу программасына ылайык ӨКМдин “Байтик” аэродромунда министрдин жетекчилигинде аба-десанттык даярдык (паращют) көрүү боюнча машыгуу өттү.

Машыгуунун негизги максаты – өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу, жетүүгө кыйын болгон аймактарга коопсуз конуу ыкмаларын өркүндөтүү жана жабыркагандарды эвакуациялоо боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдөө болду.

Машыгуунун жүрүшүндө министр генерал-майор Урматбек Шамырканов аба аркылуу түшүрүлгөн куткаруучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, ар бир секирүүдө алдын ала дыкат текшерүүдөн өткөрүлүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал мындай машыгууларды уюштуруу менен куткаруучулардын профессионалдык деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлөрүн, натыйжада калктын коопсуздугун камсыздоого жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам, натыйжалуу жооп кайтарууга өбөлгө болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, мындай машыгуулар атайы бекитилген пландарга ылайык өткөрүлүп, куткаруучулар өз тажрыйбаларын бышыктап турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу