Жаңылыктар
05.11.2025 13:10
Кароолор: 167
МИНИСТРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН ЖЫЛЫНУУЧУ ЖАЙЛАР УЮШУЛДУ
Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болууда. Буга байланыштуу жолдогу тыгындарынын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев күчөтүлгөн режимде иштөө тапшырмасын койду.
Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн убактылуу жылынуучу жайлар уюштурулуп, бул райондордогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары ысык тамак менен камсыздоого тартылган.
Саат 12:45ке карата "Сосновка", "Алим", "Арал" өткөрмө пункттарында жалпысынан 199 жүк ташуучу унаа жол тыгын болтурбоо максатында токтоп турат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР