Жаңылыктар

30.10.2024 19:02

   Кароолор: 335

МИНИСТРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН КАДАМЖАЙДА ПЛАНДАН ТЫШКАРКЫ МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел, суу каптоонун алдын алуу жана кырсык катталганда кесепеттерин жоюуга багытталган атайын машыгуу өтүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пландан тышкаркы машыгуусунун сценарийине ылайык, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында кокту-колоттордон келген сел суусу Эргенек участкасындагы сайдан ашып, айылдагы 126 үйдү каптаган. 4 социалдык объект жабыркап, 10км унаа жолу бузулган. Электр мамычалары, 8 трансформатор иштен чыккан. 15тей мал жандыгын сел агызып, айдоо аянттарын суу жууп кеткен.

Бул ирет машыгуунун бардык иш-аракеттери реалдуу жасалды. Анткени айттырбай келген апаатта тиешелүү кызматтардын кырдаалды туура чалгындоосу, ыкчам аракети адам өмүрүн жана материалдык баалуулуктарды сактап калууга шарт түзөт. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаал учурунда координация жүргүзүүчү орган катары ЖК кызматтары менен биргеликте кесепеттерин жоюу иштеринин алгоритми практикалык негизде аткарылды.

Ага ылайык катталган кырсыктын кесепеттеринин масштабы болжолдуу аныкталып, аймактагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу (ЖК) кызматтарынын күч жана каражаттары тартылып, алгач калкты кабарлоо, эвакуациялоо, жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү аткарылды.

Андан соң сел суусу келген ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү, турак үйлөрдү тазалоо, сел өтүүчү сайдын жээгин габион торлору менен бекемдөө, калкка таза суу жеткирүү ошол маалда жергиликтүү элдин суу ашып жаткан арыктын жээгин кум толтурулган каптар менен бекемдөө иш-аракеттери көрсөтүлдү.

Түзүлгөн ыкчам штабка саат сайын маалымат берилип турду. Айыл ичиндеги селден улам жабыркаган электр жарыгын, байланышты калыбына келтирүү, сел суусу кирген үйлөрдү, көчөлөрдү дезинфекциялоо, өлгөн мал жандыктарын зыянсыздандыруу ж. б. жумуштары жүргүзүлүп жатты.

Жалпылап айтканда Кыргыз Республикасынын N54 Жарандык коргонуу мыйзамына ылайык, өзгөчө кырдаалдын деңгээлине, масштабына жараша аткарыла турган ыкчам иш-аракеттер атайын машыгуунун негизинде тереңден бекемделди.

Белгилей кетсек, аталган пландан тышкаркы машыгуу ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын негизинде ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов, Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник Таалай Айткуловдун жетекчилигинде өтүүдө.

Баткендин Кадамжай районунда машыгууну өткөрүү да жөн жерден тандалып алынган эмес. Эске салсак ушул жылдын 24-июнь күнү жогорудагы сценарийде белгиленген аймакта сел жүрүп, келтирилген чыгымдарды эсепке албаганда тилекке каршы бир адам каза тапкан. Ошондой эле райондо географиялык жактан сел жүрүүчү кооптуу тилкелердин көп болгондугуна байланыштуу. Ал эми 30-октябрь күнү башталган машыгуу 31-октябрда жыйынтыкталат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу