Жаңылыктар

18.10.2024 10:48

   Кароолор: 757

МИНИСТРДИН ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН АК-САЙГА ТИК УЧАК ЖӨНӨТҮЛДҮ

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке буйругу менен тик учак бүгүн, 18-октябрда, саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.

Эскерте кетсек, 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан.

16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле, куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу