Жаңылыктар

22.06.2026 01:15

   Кароолор: 109

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ИСКЕНДЕР СУЛАЙМАНОВ БАТКЕНДЕ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Искендер Сулайманов сел кырсыгы катталган Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш айылында болуп, кырдаалды өзү көзөмөлгө алды.

Ал жергиликтүү тургундар менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, абалды координациялап, тийиштүү чечимдерди кабыл алды.

Мындан тышкары, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагын да кыдырып, сел келген аймактардын абалы менен таанышууну улантмакчы.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-июнда Баткен районунда сел жүрүп турак үйлөрдү каптаган. Министрдин тапшырмасы менен куткаруучулар түнү бою тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин ыкчам алып барышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу