Жаңылыктар

05.11.2025 14:24

   Кароолор: 240

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЭРНЕСТ ЖУСУПОВ ӨРТТҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮ ИНСПЕКТОРЛОР МЕНЕН КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов 4-ноябрда ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын борбордук аппаратынын жана аймактардагы инспекторлору менен кеңешме өткөрүп, 2025-жылдын 4-кварталына пландалган иш-чаралардын өз убагында, натыйжалуу аткарылышын көзөмөлдөдү.

Жолугушууда министрдин орун басары кышкы жылытуу мезгилин утурлай өрт коопсуздугуна олуттуу көңүл буруу керектигин белгилеп, мамлекеттик, социалдык мекемелерди, жеке менчик, ишкердик субъектилерди, көп кабаттуу турак үйлөрдөгү өрт коопсуздук ченемдеринин талаптагыдай аткарылышын дыкат текшерүүнү күчөчүү тапшырмасын койду.

“Кыш мезгилинде электр энергиясы менен жылытуучу каражаттарды массалык түрдө колдоно башташат. Ар кандай кыска чыңалуу, же эскилиги жеткен приборлорду колдонуу, эрежелердин бузулушу жана башка көйгөйлөрдөн улам өрт кырсыктары көп болот. Алардын алдын алып, жеке жана юридикалык жактарга мүчүлүштүктөрдү жоюу, эскертүү иш-чараларды алып баруу зарыл” , - деген министрдин орун басары контролдук иш-чараларды күчөтүүнү талап кылды.

Ошондой эле ал кызматкерлерге мыйзамсыз, ыйгарым укуктарынан тышкаркы иштерден алыс балуусун эскертти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу