Жаңылыктар
19.05.2024 16:23
Кароолор: 435
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ А.МАЗАРИПОВ ОШ ШААРЫНДА СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТАРДАН КАБАР АЛДЫ
Кечээ, 18-май күнү Ош шаарында катуу жааган жамгырдан улам суу каптап, сел жүргөн. Анын кесепетинен 3 социалдык мекеменин жана 23 турак жайдын жер төлөлөрүнө суу толгон.
Бүгүн, 19-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Акылбек Мазарипов Ош шаарындагы селден жабыркаган аймактар менен жеринде таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен жолугушту.
Ал жумушчу сапардын жүрүшүндө Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Алай-1, Алай-2 конуштарында Геолог шаарчасындагы Достук кичи районунда, Чкалов көчөсүндө сел кырсыктарын калыбына келтирүү иштери менен таанышты.
Ошондой эле жергиликтүү бийликтин карамагында турган сел өтүүчү канал, арыктардын тез арада жээктерин бекемдөө, тазалоо иштери боюнча сунуштарын берди.
Белгилей кетсек, сууларды өз нугуна салып, жер төлөлөрдөгү сууларды сордуруп чыгаруу иштерине ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынан 100дөн ашык куткаруучулар жана Жарандык коргонуу кызматынан 8 атайын техника тартылды. ӨКМ өздүк курамы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүлгөн тартипте аткарып, бүгүнкү күнгө тазалоо иштеринин 90%ы аткарылды. Учурда келтирилген чыгымды эсептөө үчүн Жарандык коргонунун комиссиялары жер-жерлерде иш алып барышууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР