Жаңылыктар
25.03.2026 18:09
Кароолор: 7
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ А. МАМБЕТОВ ЖАҢЫ ӨРТКӨ КАРШЫ КУТКАРУУ БӨЛҮГҮНҮН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Азамат Мамбетов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун Ак-Суу районундагы жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш ишинен кабар алды.
Министрдин орун басары №39 ӨККБнын өрт өчүрүүчүлөрүнүн абалын сурап, баарлашуу менен маселелерин укту. Өздүк курам курулуп жаткан ӨККБнын имараты алардын өрт өчүрүүдөгү мүмкүнчүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарарын баса белгилешти. Өз сөзүндө А.Мамбетов мындан ары да өрт өчүрүүчүлөрдүн кийимдери жаңыланып, иштөө шарттарын жакшыртуу аракеттери иш жүзүндө боло тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Ысык-Көл облусунда Ак-Суу жана Кажы-Сай айылында 2 заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулуш иштер аяктоо алдында турат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР