Жаңылыктар

18.01.2024 08:58

   Кароолор: 389

МИНИСТРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫНДА ИЗДЕП КУТКАРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Бүгүн таң эрте Аламүдүн капчыгайында издеп-куткаруу иштерин координациялоо үчүн ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев барды. Анын жетекчилиги менен куткаруучулар топ-топко бөлүнүп,  тоо беттерине, суу жээктерине, коктулардан издөөгө чыгышты

Учурда саат 7:30га карата жалпы 184 куткаруучу, 7 учкучсуз учуучу аппараттары (дрон), 16 техникасы менен тартылды. Ошондой эле “Инсараг” издөө-куткаруу тобунун 5 куткаруучусу 4 учкучсуз учуучу аппараты (дрон), 1 техникасы менен, ал эми  ИИМден  35  милиция кызматкери издешет.

Жалпысынан 224 адам, 11 учкучсуз учуучу аппараттары, 18 техника издөөгө чыгышты.

Эске салсак, 2024-жылдын 16-январында Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-ж.т. М.у.М. аттуу адам дайынсыз экендигин туугандары 112 кызматына билдиришкен.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу