Жаңылыктар
21.05.2026 09:36
Кароолор: 488
МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ АКЫЛБЕК МАЗАРИПОВ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРДЫ ЖЕРИНЕН КӨРҮП ЧЫКТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин тапшырмасынын негизинде министрдин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов селден жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыгып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды талкуулады.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов Жалал-Абад облусунда сел жүргөн аймактарды кыдырып, жергиликтүү жерлердеги учурдагы абал менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарында, ошондой эле Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда катуу жазгы жаан-чачындардын кесепетинен пайда болгон сел көрүнүштөрүнүн кесепеттери боюнча аймактар текшерилип, мониторинг жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сел коркунучун азайтууга багытталган алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантылып, кооптуу деп эсептелген тилкелер өзгөчө кырдаалдар министринин туруктуу көзөмөлүндө болот.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалды тактоо, мониторинг жүргүзүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылууда.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ