Жаңылыктар

19.05.2026 11:04

   Кароолор: 149

МИНИСТР ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАРДЫН КӨЙГӨЙҮН ЧЕЧҮҮ АРАКЕТИНДЕ

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында сел коркунучун жараткан каналды кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев айылга барып, сел суусу ашып кетүү коркунучу жаралган каналдын абалы менен таанышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын түштүк-чыгыш тарабындагы каналга суу батпай, жаан-чачын көп жааган учурда сел каптоо коркунучу жаралууда. Буга байланыштуу каналды кеңейтүү жана бетондоо сунушу берилген.

Долбоор даярдалганга чейин министр объектти «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» иш-чаралардын тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.

Ошондой эле сел каналын кеңейтүү жана бетондоо үчүн Ак-Талаа районунун акимине долбоор даярдоо, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана айыл өкмөтүнө биргелешкен чараларды көрүү тапшырылды.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу