Жаңылыктар

01.10.2026 20:33

   Кароолор: 14

МИНИСТР ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ КУРУЛУШТУН ЖҮРҮШҮ ЖАНА ОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келип, бир катар объектилердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Иш сапардын алкагында Манас шаарындагы Гидрометеорология кызматынын имараты, Шор-Булак тилкесиндеги сел каналдын курулушу, Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө салынып жаткан өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмү каралды. Ошондой эле Көк-Арт дарыясындагы эс алуу жайына байланыштуу кайрылуу жеринен каралды.

Мындан тышкары, Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу каралып, Майлуу-Суу дарыясындагы кооптуулукту эске алуу менен тиешелүү алдын алуу иш-чараларын 2027-жылдын планына киргизүү боюнча адистерге тапшырмалар берилди.

Иш сапардын соңунда Майлуу-Суу шаарындагы жана Ноокен районундагы жаңыдан курулуп жаткан өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн курулушу менен таанышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу