Жаңылыктар
21.03.2024 12:00
Кароолор: 449
МИНИСТР ЖАЛАЛ-АБАД ЭЛИН ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН КУТТУКТАДЫ
МИНИСТР ЖАЛАЛ-АБАД ЭЛИН ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН КУТТУКТАДЫ
Бүгүн, 21-март Нооруз майрамына карата Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев Жалал-Абад элин өлкө башчысы С. Жапаровдун жана өзүнүн атынан куттуктады.
Облустагы майрамга карата өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада министр:
Акыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары аныкталды. Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында энергетикадагы, айыл чарбасындагы, транспорт жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлор ишке ашырылууда.
2024-жылы 100 өндүрүш планга коюлду. Айрымдарына токтолуп кетсем. Чүй облусуна 1 млрд долларлык ири өнөр жай ишканалары курулууда: Кеминде 160 млн долларлык «Терек-Таш» цемент заводу ачылат. Ысык-Атада 50 млн долл «Асыл-Таш» италиялык кафель чыгарган керамика заводу ачылат. Токмокто 100 млн долл тамеки чыгарган завод ачылат. Кара-Балтада Джунда бензин чыгара баштайт, 2026-жылга чейин 519 млн долларга модернизацияланат. Москва районунда Өзбекстан менен бирге 50 млн доллардык машина куруу заводу ачылат. 2024-жылы БШЗда шахман оор жүк ташуучу машина чыгарган завод ачылат, наркы 75 млн долл. 700 гектар жерге логистикалык шаар курулушун баштайбыз. Жалал-Абаддагы «Кыргыз петролиум» заводу модернизацияланат. 2024-жылы Ошто (Чоң-Алайда) 700 млн долларлык болот-темир заводунун курулушу башталат. Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого 1 млрд сом бөлүндү. 2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат!" -, деп баса белгиледи.
Ал ошондой эле "Эл аралык деңгээлде ООНдун Туруктуу өнүгүүсүндөгү рейтингде 166 мамлекеттин ичинде Кыргызстан 45-орунга чыкты. Садыр Нургожоевич бизге: «2030-жылга чейин 30-орунга чыгасыңар» деген тапшырманы берди. ЦУРдун максаты – адамзаттын эч кимисин артта калтырбоо. Биздин Президенттин да тилеги – кыргыз жаранын кыргыз жеринде кор кылбай багуу. Биз элди жакырчылыктан чыгарып кетүү аракетибиз менен 45-орунга чыктык, бул – Борбордук Азияда эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Өлкөдө өнүгүүгө тоскоол болгон коррупцияга каршы күрөш башталды. Бардык баскычтарда тазалануу иштери жүрүп жатат.
Биздин алдыбызда аткара турган иштер, чече турган маселелер көп. Аларды биз биримдик, ынтымак менен жүзөгө ашырып, жашообузду бакубат кыла алабыз"-, деп билдирди.
Иш-чара Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана облустун тургундарынын катышуусунда өттү. Ал эми майрамдык шаңдын көркүн концерттик программа жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ачты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР